Министр Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев министрликтин коомдук кабылдамасында жарандарды жеке кабыл алды.

Кабыл алууда жарандардын социалдык коргоо, жөлөкпулдарды дайындоо, гуманитардык жардам көрсөтүү жана социалдык колдоо маселелери боюнча кайрылуулары каралды.

Тактап айтканда, жарандардын социалдык жардам алуу, улгайган жарандарды колдоо, социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды алуу, жеке ассистенттин иши жана медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан (МСЭК) өтүү маселелери боюнча кайрылышты.

Ошондой эле, диаспоралар менен байланышуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн жолдомо алуу маселелери каралды.

Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө жалпысынан 13 жарандын кайрылуусу каралды.

Министрликтин коомдук кабылдамасы күн сайын иштеп, жарандардын ар кандай маселелер боюнча кайрылууларын кабыл алат. Министр Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алууну жума күндөрү өткөрөт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар