Эмгек министри Алмаз Имангазиев узак өмүр сүргөн апаларды куттуктады

Улгайган адамдардын айлыгынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев 104 жашка чыккан Амина Халикова жана 100 жылдык мааракесин белгилеген София Жаилова апалардан кабар алды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө министр узак өмүр сүргөн энелер менен баарлашып, аларга көңүл буруп, камкордук көрсөттү. Ошондой эле чың ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын, жылуулукту жана бакубат жашоону каалады.

Урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары эки апага тең белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Мындай иш-чаралар улуу муундун өкүлдөрүн колдоого, алардын турмуштук тажрыйбасына жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымына урмат көрсөтүүгө багытталган. Улгайган адамдардын айлыгы улгайган жарандарды социалдык жактан колдоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууну, муундар ортосундагы байланышты чыңдоону жана улуу адамдарга кам көрүүнүн, көңүл буруунун жана урмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн эске салууну көздөйт.

Улуу муунга кам көрүү — алардын эмгегине, акылмандыгына жана өлкөнүн келечегине кошкон салымына болгон ыраазычылыктын белгиси.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар