Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү процесси санариптештирилди

Кыргызстанда жарандарды медициналык-социалдык күбөлөндүрүүдөн Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрликтин майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, МСЭКтер өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзөт.

«МСЭК системасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул багытта мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, адам факторунун таасирин азайтуу, ички көзөмөл механизмдерин күчөтүү, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана жарандарды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Назгүл Чолумова белгилегендей, акыркы эки жылда жарандардын медициналык-социалдык экспертизадан өтүү процесси республиканын бардык аймактарында санариптештирилди.

Анын айтымында, медициналык-социалдык экспертизадан өтүү үчүн жаран алгач саламаттык сактоо уюмуна кайрылат.

«Медициналык уюмдар жаранды толук медициналык текшерүүдөн өткөрүп, майыптуулукту аныктоого негиздер бар болсо, № 088/у формасындагы жолдомону жана тиешелүү медициналык документтерди электрондук форматта МСЭКке жөнөтүшөт», — деп белгиледи ал.

Назгүл Чолумова маалымдагандай, маалымкаттарды даярдоо процесстери да автоматташтырылган.

«Мурда бардык документтер кагаз түрүндө даярдалып, майыптуулук жөнүндө маалымкаттар жарандарга кагаз түрүндө берилчү. Учурда майыптуулукту тастыктаган маалымкаттар санариптик форматка өткөрүлдү. Мурда колдонулган маалымкаттардын алты түрүнүн ордуна эки түрү гана калтырылды. Алар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүчү “Түндүк” системасы менен интеграцияланган», — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле ал МСЭКке келип түшкөн жолдомодо медициналык текшерүүлөрдүн толук жүргүзүлгөнүн тастыктаган маалыматтар жок болсо, комиссия жолдомону алган күндөн тартып беш жумуш күнүнүн ичинде тиешелүү саламаттык сактоо уюмуна кайра кайтарарын белгиледи.

Назгүл Чолумова МСЭКтин ишмердүүлүгүн реформалоонун алкагында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилгенин кошумчалады. Аталган өзгөртүүлөр анатомиялык кемтиктери бар жарандарга медициналык-социалдык экспертизаны аралыктан, башкача айтканда, онлайн форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пайдалуу
Ссылкалар