Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын 36 миңден ашыгы — балдар

Учурда Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашуун адам жашайт, алардын ичинде 36 миңден ашуун бала бар. Алардын үлүшү өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында эң чоң топту II топтогу майыптыгы бар адамдар түзөт — 29 882 адам. Ошондой эле I топтогу майыптыгы бар 8 631 адам жана III топтогу майыптыгы бар 15 406 адам жөлөкпул алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөргөн 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия иш алып барат.

Ведомстводон белгилешкендей, медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири бойдон калууда.

Пайдалуу
Ссылкалар