Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо системасын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык тренинг өттү
2026-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү: ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана “бирдиктүү терезе” принциби” темасында ведомстволор аралык тренинг-семинар өттү.
Иш-чара үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, зомбулук учурларын аныктоо жана жабыркаган адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү багытында иш алып барган адистердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу максатында уюштурулду.
Тренингге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ички иштер органдарынын, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо системаларынын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барган башка субъекттердин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги жоболорун, Министрлер Кабинетинин № 358 токтомун, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн тартибин карап чыгышты.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасынын субъекттеринин ыйгарым укуктарына жана жоопкерчилигине, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерине, жабыр тарткан адамдарды зарыл жардам алуу үчүн тиешелүү кызматтарга багыттоо тартибине жана “бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде колдоо көрсөтүүнү уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.





















