«Балага сүйүнчү»: мобилдик сервисти ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жана «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун тариздөө модулунда кызмат көрсөтүү ишке киргизилген биринчи күнү жарандар арыздарды электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдалана башташты.
Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга 1 029 арыз түштү. Алардын ичинен:
- 584 арыз (56,8%) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилген;
- 445 арыз (43,2%) Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдары аркылуу таризделген.
Ошентип, арыз берген жарандардын жарымынан көбү жөлөкпулду тариздөөнүн мобилдик форматын колдонушкан. Бул — ата-энелерге мекемелерге жеке баруунун зарылдыгы жок, өздөрүнө ыңгайлуу жол менен арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы сервистин алгачкы талап кылынуу көрсөткүчү.
Ошол эле учурда жөлөкпулду КТБлар жана ЖААК органдары аркылуу тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталып, бул кызматтын бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болушун камсыздайт.
Сервисти ишке киргизүүнүн алгачкы жыйынтыктары электрондук формат жарандардын мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүндө талап кылынган инструментке айланып баратканын көрсөтүүдө.




















