Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги ардагерлерди куттуктады
Бишкек шаарында Улгайган адамдардын айлыгына карата жана социалдык коргоо системасында эмгектенген ардагерлерди урматтоо максатында иш-чара өткөрүлдү.
Ведомствонун жетекчиси Алмаз Имангазиев ардагерлерди майрамы менен куттуктап, алардын көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, өлкөнүн социалдык коргоо системасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ыраазычылык иретинде бир катар ардагерлерге ведомстволук сыйлыктар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда ардагерлер үчүн майрамдык дасторкон уюштурулуп, анда жылуу пикир алышуу жана өткөн күндөрдү эскерүү болду.






















