Эмгек министрлиги «Социалдык контракт» программасынын жаңы этабын — ишкерлер менен биргеликте жумуш орундарын түзүүнү баштайт

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жеке ишкерлердин «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду баштайт.

Пилоттук долбоордун максаттары — чакан ишкердиктин өнүгүшүнө көмөктөшүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүү.

Бул — жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарындагы жумушсуз жарандарды расмий жумушка орноштурууга багытталган «Социалдык контракт» программасын өнүктүрүүнүн кийинки этабы.

Долбоордун алкагында ишкерлерге расмий катталган бир жумушсуз жаранды жумушка орноштургандыгы үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бир ишкер беш адамга чейин жумушка орноштура алат. Каражаттар ишкердик ишти өнүктүрүүгө зарыл болгон жабдууларды, техниканы жана башка активдерди сатып алууга багытталышы мүмкүн.

Ишкерлерди тандоо критерийлери

Тандоодо төмөнкү ишкерлерге артыкчылык берилет:

  • арыз берилген жылдын алдындагы жыл үчүн салык отчеттуулугу менен ырасталган, бир жыл бою туруктуу киреше алып келген ишкерлерге;
  • жумушка орноштурулуучу жарандарга кыйла жогору эмгек акы сунуштаган ишкерлерге;
  • эмгек милдеттерин аткарууга зарыл болгон кесиптик көндүмдөргө үйрөтүүнү камсыз кылган ишкерлерге.

Белгиленген бардык талаптарга жооп берген ишкерлердин ичинен «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларына артыкчылык берилет.

Ишкерлер пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо менен жумушсуз жарандарды окутууну жана расмий жумушка орноштурууну камсыз кылууга тийиш. Кызматкерлердин эмгек акысы тиешелүү административдик-аймактык бирдиктеги орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

Пилоттук долбоор 12 айга эсептелген жана Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат.

Катышуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Пилоттук долбоорго катышууну каалаган ишкерлер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине же тиешелүү райондук же шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына — КР ЭСКММдин аймактык бөлүмүнө кайрылууга тийиш. Адистер долбоорго катышуунун шарттары, арыз берүү тартиби жана зарыл документтер жөнүндө маалымат беришет.

«Социалдык контракт» программасынын жаңы этабы ишкердикти колдоону жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнү айкалыштырып, жумушсуз жарандарга кесипке ээ болууга, расмий жумушка орношууга жана эмгектен үзгүлтүксүз киреше алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар