Кыргызстан Бакуда өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин эмгек, иш менен камсыз кылуу жана калкты социалдык коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин жыйынына катышты

15-октябрда Баку шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин эмгек, иш менен камсыз кылуу жана калкты социалдык коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынан жыйынга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы катышты.

Жыйынга КМШга мүчө мамлекеттердин, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин, Жалпы профсоюздар конфедерациясынын, тармактык базалык уюмдардын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү, жасалма интеллект технологияларын киргизүүнү, санариптик платформалардагы иш менен камсыз болууну статистикалык эсепке алууну, ошондой эле 2028-жылды КМШда Социалдык өнүгүү жана жашоо сапаты жылы катары даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар DOST инклюзивдүү өнүгүү жана чыгармачылык борборуна барышты. Анда алар Азербайжандын майыптыгы бар адамдарга, улгайган жарандарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйбасы менен таанышышты.

Ошондой эле 16-октябрда Аида Исатбек кызы Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган «Активдүү жана сергек узак өмүр: мамлекеттик саясат жана социалдык инновациялар» аттуу тегерек столго катышты.

Бул иш-чараларга катышуу тажрыйба алмашууга жана КМШга мүчө мамлекеттердин эмгек, иш менен камсыз кылуу жана калкты социалдык коргоо чөйрөлөрүндөгү кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түздү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар