Бишкекте CHeber Excellence Awards 2026 сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү
Бишкек шаары, 2026-жылдын 16-октябры. Чоңдорго билим берүү жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасында формалдуу эмес кесиптик окутуунун мыкты тажрыйбаларын таанууга жана жайылтууга багытталган CHeber Excellence Awards 2026 сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Быйыл сынакка алты номинация боюнча 37 өтүнмө келип түштү. Алар: «Чеберчилик», «NextGen», «Бирге», «Альянс», «Навигатор» жана «Эко Вектор». Сунушталган демилгелер окутуунун сапатын жогорулатуу, инновацияларды киргизүү, инклюзивдүү тажрыйбаларды өнүктүрүү, иш берүүчүлөр менен кызматташуу, кесиптик багыт берүү жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу багыттарын камтыйт.
Өтүнмөлөр көз карандысыз Тандоо комиссиясы тарабынан бааланып, анда демилгелердин натыйжалуулугуна, туруктуулугуна, инновациялык мүнөзүнө жана сунушталган тажрыйбалардын эмгек рыногунун муктаждыктарына шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду. Жеңүүчүлөр билим берүү кызматтарын андан ары өнүктүрүүгө жана алардын сапатын жогорулатууга багытталган сыйлыктык колдоого ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Алиясoв өз сөзүндө жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана татыктуу иш менен камсыз кылууну камсыздоо үчүн кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин, билим берүү уюмдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгына басым жасалды.
CHeber Excellence Awards 2026 сынагы Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү. Долбоор сапаттуу, инклюзивдүү жана эмгек рыногунун муктаждыктарына багытталган кесиптик окутууну өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойт.





















