Министр Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту

  1. 2026-жылдын 20-октябры,  министр Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы «Эмгек рыногунун жана социалдык коргоонун программаларын чыңдоо» долбоору боюнча миссиясынын алкагында жолугушту.

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн, аткарылып жаткан иштердин учурдагы жыйынтыктарын, ошондой эле калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

    Өзгөчө көңүл долбоордун иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу, эмгек рыногунун программаларын өнүктүрүү, жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты социалдык колдоо чараларынын даректүүлүгүн жогорулатуу маселелерине бурулду.

    Жолугушуунун катышуучулары алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн жана күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

     

Пайдалуу
Ссылкалар