«Манас» социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү экологиялык үй ачылды

«Манас» социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү экологиялык үйдүн расмий ачылыш аземи болуп өттү.

«Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана директору Гүлбарчын Такырбашева куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүнүн маанисине токтолду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Майыптыгы бар адамдар үчүн курулган турак жай Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин (BMZ) жана өнөктөштөр бирикмесинин (Förderverein) каржылык колдоосу менен салынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көрсөткөн колдоосу жана инклюзивдүү коштоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн өнөктөштөргө жана Германиянын Элчилигинин өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле «ЭкоСаман» ЖЧКсына жана «Зеленый Горизонт» ЖЧКсына ыраазычылык билдирилди.

           

Пайдалуу
Ссылкалар