Кыргызстан балдарды колдоонун жаңы моделин дүйнөгө таанытты: төрөлгөндө берилүүчү жөлөкпулдан тартып келечек үчүн топтомдорго чейин
2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу» дүйнөлүк саммитине катышты.
Саммиттин алкагында министр «Балдардын кызыкчылыктарын эске алган жаңы муундагы социалдык коргоо системаларына инвестиция салуу» аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү.
Эл аралык иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 600дөн ашык делегат катышууда. Саммиттин катышуучуларынын негизги көңүлү балдардын өнүгүүсүнө инвестицияларды көбөйтүү, сапаттуу билим алууга, медициналык кызматтарга жана социалдык коргоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелерине бурулду.
Алмаз Имангазиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасында балдарды мамлекеттик колдоо багытында ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпулунун киргизилишине өзгөчө токтолду. Бул чара балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо менен камтууну кеңейтүүгө багытталган. Жөлөкпулду алуу укугу өлкөнүн жарандарына кирешесинин деңгээлине жана социалдык макамына карабастан берилет.
Министр программанын ишке ашырылышы өлкө жетекчилигинин колдоосунун, мамлекеттик органдардын өз ара шайкеш ишинин жана мамлекеттик санариптик инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун натыйжасында мүмкүн болгонун белгиледи.
Мындан тышкары, балдарды мамлекеттик колдоонун башка чаралары, анын ичинде жетим балдар үчүн топтомо каражаттарды түзүүнү караган «Келечекке салым» программасы, ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашаган үчүнчү жана андан кийинки балдарга жөлөкпул төлөө чарасы тууралуу маалымат берилди.
Өз сөзүндө Алмаз Имангазиев баланын өнүгүүсүнө эрте курактан тартып инвестиция салуунун, социалдык колдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле акчалай төлөмдөрдү саламаттыкты сактоо, туура тамактануу жана эрте өнүктүрүү кызматтарына жеткиликтүүлүк менен айкалыштырган комплекстүү мамиленин зарылдыгына көңүл бурду.
«Бүгүн балага инвестиция салуу менен биз өлкөнүн келечегине инвестиция салып жатабыз», — деп белгиледи министр.
Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк саммитке катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо жана ар бир баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелерин талкуулоого өбөлгө түзөт.





















