Кыргыз Республикасы Астанада өткөн КМШнын Биргелешкен комиссиясынын жыйынында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү
2026-жылдын 22-октябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга катышуучу мамлекеттердин Биргелешкен комиссиясынын жыйырма тогузунчу жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу, миграциялык мыйзамдарды өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбасын сунуштады.
Мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоого, чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө тартуу фактыларына бөгөт коюуга, анын ичинде чет өлкөлүк студенттер арасында миграциялык мыйзамдардын бузулушунун алдын алууга, ошондой эле белгиленген жүрүү эрежелерин бузган адамдардын өлкөдөн көзөмөлдөнгөн тартипте чыгып кетүүсүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
Эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө реадмиссия жөнүндө макулдашууларды түзүү жана макулдашуу, эмгек миграциясы жаатында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Талкуунун жыйынтыгында кыргыз тарап мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого, мыйзамсыз миграция каналдары жөнүндө маалымат алмашууну кеңейтүүгө жана миграциялык процесстердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен ыкмаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.





















