Эмгек министрлиги Роза Төрөкуловна Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Роза Төрөкуловна Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Роза Төрөкуловна көрүнүктүү коомдук ишмер, окумуштуу, агартуучу жана Кыргызстандагы заманбап аялдар кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал 1996-жылы «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук бирикмесин негиздеп, өмүрүн аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, гендердик теңчиликке жетишүүгө, өлкө боюнча аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арнаган.

Анын жетекчилиги жана тынымсыз коомдук ишмердүүлүгүнүн натыйжасында аялдардын укуктарын коргоо механизмдери бекемделип, гендердик теңчилик маселелери боюнча коомдук диалог кеңейип, Кыргызстандын аялдардын укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелери тууралуу маалымдуулук жогорулаган.

Роза Төрөкуловнанын мурастарында Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны (CEDAW) кыргыз тилине которууга жана жайылтууга кошкон салымы өзгөчө орунду ээлейт. Бул эмгек аялдардын укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын адистер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жалпы коомчулук үчүн жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзгөн.

Роза Төрөкуловна жарандык жоопкерчилиги жогору, акылман, адилеттүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр идеалдарына берилген инсан катары элдин эсинде түбөлүк сакталат. Анын бай мурасы аялдардын жаңы муундагы лидерлерине, укук коргоочуларга жана адилеттүү, тең укуктуу коомду куруу үчүн эмгектенген бардык адамдарга дем-күч берип келет.

Роза Төрөкуловна Айтматованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Пайдалуу
Ссылкалар