Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгы
Министрлер Кабинети Эмгек министрлигинин алдында «Социалдык инфраструктура» аттуу жаңы мамлекеттик ишкана түзөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында социалдык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. № 362 Жарлыкка 2026-жылдын 26-октябрында кол коюлган.
Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында «Социалдык инфраструктура» мамлекеттик ишканасын түзүү тапшырылды.
Ишкана имараттарды жана курулмаларды сатып алуу, социалдык тейлөө мекемелерин түзүү, аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу, ошондой эле мыйзамдарга ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу менен алектенет.
Ишкананы каржылоо атайын эсептердеги каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
Министрлер Кабинетине бекитилген штаттык сандын жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүн кайра түзүмдөштүрүү тапшырылды.
Ошондой эле Жарлыкта министрликке караштуу Эмгек мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын ыйгарым укуктарын миграциялык контролдоо функцияларын өткөрүп берүү жолу менен кеңейтүү каралган. Буга байланыштуу Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен тиешелүү ыйгарым укуктарды так ажыратуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Министрлер Кабинети үч айдын ичинде өз чечимдерин Жарлыкка ылайык келтирип, аны ишке ашыруу үчүн башка зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарлыктын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.




















