Балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү
2026-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) мониторингинин жыйынтыгы боюнча сунуштамасында көрсөтүлгөн маселелер жана Чүй облусунун прокуратурасынын Чүй жатак мектебинде аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуштамасында белгиленген жагдайлар каралды.
Комиссиянын мүчөлөрү тиешелүү материалдарды талкуулап, аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана келечекте кайталанышына жол бербөө боюнча сунуштарды беришти.




















