Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү уюштуруу боюнча көз карандысыз мониторинг өткөрүлдү.

Мониторинг коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши тарабынан жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын берүү механизмдеринин жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы, аларды кароо мөөнөттөрүнүн сакталышы, берилген жооптордун сапаты, жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу жана электрондук кайтарым байланыш каналдарынын иштеши боюнча маселелер каралды.

Иш-чара мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү өркүндөтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган.

Пайдалуу
Ссылкалар