Эмгек министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары А.К. Алиясовдун БУУнун Калк фондунун Казакстандагы өкүлү, Кыргызстандагы жана Түркмөнстандагы өлкөлүк директору Чинве Огбонна айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар демографиялык өнүгүү, гендердик теңчилик, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрүндөгү мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки демографиялык саясат концепциясын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Аталган концепция өлкөнүн демографиялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, адам капиталын өнүктүрүүгө, үй-бүлөлөрдү жана жаштарды колдоого, калктын иш менен камсыз болушун жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да ишке ашыруу ниетин ырасташты.





















