Эмгек министрлиги жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери тууралуу маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү, уруксаттын мөөнөтүн узартуу, уруксат берүүдөн же анын мөөнөтүн узартуудан баш тартуу, ошондой эле берилген уруксаттарды жокко чыгаруу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөнүн маалымдайт.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкө чегинен тышкары ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер каралды.
Берилген арыздарды кароонун жыйынтыгында комиссия бир катар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жаңы уруксаттарды берүү жана мурда берилген уруксаттардын мөөнөтүн узартуу, ошондой эле айрым уюмдарга уруксат берүүдөн баш тартуу чечимдерин кабыл алды.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө төмөнкү уюмдарга уруксаттар берилди:
- «Динар Компани» ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
- «ПФ Германия Карьера» ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
- «Флай Глобус» ЖЧКсы — Түркия Республикасы;
- «ОЛИМП КЕЙ ДЖИ ТРЭВЕЛ» ЖЧКсы — Түркия Республикасы жана Болгария Республикасы;
- «Олива» ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы;
- «ЭРА-Тревел» ЖЧКсы — Польша Республикасы (шарт менен);
- «Окуу жумуш Италия» ЖЧКсы — Италия Республикасы (шарт менен).
Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, төмөнкү жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксаттарынын мөөнөтү бир жылга узартылды:
- «Бест Чойс» ЖЧКсы — Германия Федеративдүү Республикасы.
- «Тайга Групп» ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
- «Евро Сапар» ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
- «Арча АС Туризм» ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
- «Рамай-Саякат» ЖЧКсы — Польша Республикасы (шарт менен).
- «Эмир Тревел» ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
- «Аиша» ЖЧКсы — Түркия Республикасы.
- «Аска-Трэвел» ЖЧКсы — Болгария Республикасы.
Ошону менен бирге комиссия Россия Федерациясы багыты боюнча «Арча АС Туризм» ЖЧКсына жана Германия Федеративдүү Республикасы багыты боюнча «Глобал проспект бридж» ЖЧКсына уруксат берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөлөрдө ишке орношууну пландап жаткан жарандарга тиешелүү уруксаттары бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине гана кайрылууну, ошондой эле алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты алдын ала расмий булактардан текшерүүнү эскертет.




















