Эмгек министрлигинде өрт коопсуздугу боюнча окуу өткөрүлдү

 

2026-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде борбордук аппараттын кызматкерлери үчүн өрт коопсуздугу боюнча  туура жана коопсуз аракеттенүү боюнча окуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Окуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлерине  өрт чыккан учурда өзүн алып жүрүү эрежелери жана туура аракеттенүү тартиби түшүндүрүлдү.

Окуунун негизги максаты — кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жана туура аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле алардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу.

Пайдалуу
Ссылкалар