Эмгек министрлиги жана ЮНИСЕФ репатриацияланган үй-бүлөлөрдү колдоо маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри А.К. Имангазиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Самман Тапа  менен жолугушту. Жолугушууда куралдуу жаңжалдар болуп өткөн аймактардан кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо жаатындагы мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФ тарабынан эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде психологдорго болгон муктаждыкты талдоо, адистер үчүн насаатчылык программасын иштеп чыгуу, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ошондой эле социалдык кызматкерлер жана репатриацияланган үй-бүлөлөр үчүн окутуу иш-чараларын уюштуруу маселелери каралды.

Ошондой эле тараптар репатриацияланган үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары менен жеринен таанышуу, алардын муктаждыктарын аныктоо жана социалдык, медициналык жана билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн баалоо максатында республиканын аймактарына биргелешкен иш сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, министр аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу, орун алган көйгөйлөрдү талкуулоо жана реинтеграциялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Самман Тапа мырза Министрликтин демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирип, репатриацияланган жарандарды реинтеграциялоо, балдардын укуктарын коргоо жана үй-бүлөлөргө зарыл болгон колдоо көрсөтүү багыттарында кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар