«Бала ырысы» жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миңден ашты

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик колдоо — «Бала ырысы» программасын ишке ашырууну улантууда.

2026-жылдын ноябрь айына карата жөлөкпул алган балдардын саны 266 166ты түздү. Жөлөкпул төлөө үчүн талап кылынган каражаттын суммасы 328 млн 20 миң 598 сом 44 тыйынды түзөт.

2026-жылдын октябрь айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 13 467 балага же 5,3 пайызга көбөйгөн, ал эми талап кылынган каражаттын көлөмү 16,5 млн сомго өскөн.

Программаны ишке ашыруудагы негизги көрсөткүчтөрдүн бири — мамлекеттик кызматты санариптик форматта алуу мүмкүнчүлүгүнө болгон суроо-талап. Тактап айтканда, жөлөкпул алууга берилген арыздардын 84 пайызы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылган. Бул көрсөткүч калк арасында санариптик мамлекеттик кызматтарга болгон суроо-талаптын жогору экенин жана жарандардын мамлекеттик органдар менен аралыктан өз ара аракеттенүүгө акырындык менен өтүп жатканын айгинелейт.

«Бала ырысы» программасы жаш балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө багытталган. Жөлөкпулду тариздөө «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми акча каражаттары түздөн-түз алуучулардын банктык эсептерине которулат.

Жөлөкпулдун төлөмдөрү ар бир айдын 1инен 10уна чейин жүргүзүлөт.

Пайдалуу
Ссылкалар