Эмгек министрлигинде аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган эл аралык программанын презентациясы көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр А.К. Имангазиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктеринин өкүлдөрү менен «Spotlight демилгеси 2.0» программасынын презентациясын көрсөтүү боюнча жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага БУУнун «Аялдар» түзүмүнүн, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН), БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА), БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ), Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ), Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

«Spotlight демилгеси 2.0» программасы аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюуга, алардын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага чара көрүү боюнча улуттук механизмдерди бекемдөөгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө программанын негизги максаттары, милдеттери жана төрт артыкчылыктуу багыты тааныштырылды:

– Мыйзамдарды жана институционалдык механизмдерди өркүндөтүү – укуктук базаны, ведомстволор аралык координацияны жана гендердик зомбулук боюнча маалыматтарды чогултуу системасын бекемдөө;

– Зомбулуктун алдын алуу – гендердик стереотиптерди өзгөртүү, үй-бүлөлөрдө, билим берүү мекемелеринде, жамааттарда жана жумуш орундарында зомбулукка карата келишпестик мамилени калыптандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;

– Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жабыркагандарды коргоо – медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

– Аялдар кыймылдарын жана жарандык коомду бекемдөө – аялдардын укуктарын коргоо боюнча уюмдарды колдоо, өнөктөштүктү өнүктүрүү жана коомдук уюмдардын потенциалын жогорулатуу.

Программанын алкагында калктын аялуу катмарындагы аялдарга жана кыздарга, анын ичинде айыл жергесинде жашаган, майыптыгы бар аялдар менен кыздарга, ошондой эле гендердик зомбулуктан жабыркаган адамдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Программаны 2026–2030-жылдар аралыгында төрт жыл бою Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында максаттуу иштерди жүргүзүү менен ишке ашыруу пландаштырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр А.К. Имангазиев БУУнун агенттиктери менен кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жана аялдар менен кыздарды социалдык жактан коргоонун туруктуу механизмдерин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, программаны ишке ашыруу механизмдерин жана мамлекеттик органдар менен БУУнун агенттиктеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кийинки кадамдарын талкуулашты.

              

Пайдалуу
Ссылкалар