Эмгек министрлиги Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгесин сунуштады

 

2026-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алишахбана айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө улгайган жарандардын абалы, аларды социалдык жактан камсыздоо системасын өркүндөтүү жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарына кам көрүү маселелери талкууланды. Тараптар бул багыттагы эл аралык тажрыйба боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө көңүл министрликтин Кыргыз Республикасында Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгесине бурулду.

Ошондой эле жаштардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын жумушка орноштуруу, кесиптик окутуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү маселелериндеги кызматташтыктын келечеги каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана белгиленген багыттарды практикалык жактан иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

 

Пайдалуу
Ссылкалар