Кыргызстан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-сессиясына даярдык көрө баштады
Бишкек шаарында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын жыйынтыктарына жана Кыргызстандын АКБКнын 71-сессиясына даярдыгына арналган «Глобалдык милдеттенмелерден улуттук аракеттерге карай» аттуу Улуттук диалог болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргызстандагы Европа Биримдигинин делегациясынын кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Йоханнес Баур, «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн өлкөлүк өкүлү Садик Сайед, мамлекеттик органдардын, Жогорку соттун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, академиялык чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын, БУУ системасынын агенттиктеринин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар 2026–2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу, аялдардын жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев белгилегендей, «АКБКнын 71-сессиясы — бул жетишилген ийгиликтерди гана көрсөтпөстөн, гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү боюнча глобалдык талкууга өз салымыбызды кошууга да мүмкүнчүлүк».
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана аны жоюу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, басмырлоочу ченемдерди жоюу, ошондой эле мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара кызматташтыгын бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
АКБКнын 70-сессиясына катышуу тажрыйбасы менен Кыргызстандын улуттук делегациясынын мүчөлөрү, анын ичинде Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова жана жарандык коомдун өкүлдөрү бөлүштү.
Эмгек министрлиги АКБКнын 70-сессиясынын жыйынтыктарын Гендердик теңчилик боюнча Улуттук иш-аракеттер планына интеграциялоо механизмдерин сунуштады. Ал эми Ички иштер министрлиги БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» аттуу 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча Бешинчи улуттук иш-аракеттер планынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Келерки аптада Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык консультацияларын баштоо пландаштырылууда. Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, жаштар уюмдарынын, академиялык чөйрөнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат.
Консультациялардын жыйынтыктары БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-сессиясына карата Кыргызстандын бирдиктүү улуттук позициясын калыптандырууга негиз болот.
Даярдык көрүү иштерин Эмгек министрлиги «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте координациялайт.
Диалогдун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасында аялдардын укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн «Сезим» кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулованы сыйлоо аземи өткөрүлдү.





















