Эмгек министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жакырчылыкты кыскартуу жана аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча биргелешкен иштерди улантат
2026-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Кожиро Накай менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калкты социалдык жактан коргоо, жакырчылыкты кыскартуу, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, кесиптик окутуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү актуалдуу маселелерди жана мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Министр БУУ ДАПтын «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууга, коомдук инфраструктураны өнүктүрүүгө, практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүгө жана калктын аярлуу катмарына азык-түлүк жардамын көрсөтүүгө кошкон салымын жогору баалады. Жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана туруктуу киреше булактарын табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү социалдык колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.





















