Россияда Кыргызстандын жаранына 988 миң рубль өлчөмүндөгү эмгек акы боюнча карыз төлөнүп берилди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны Н. уулу М.га төлөнбөй калган эмгек акысын өндүрүү маселеси боюнча көмөк көрсөттү.

Жарандын кайрылуусунун негизинде Өкүлчүлүк тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында «Протекинком» ЖЧКсы эмгек акы боюнча карызын толугу менен төлөп берди. Төлөнгөн сумманын жалпы көлөмү 988 131 рублин түздү.

Пайдалуу
Ссылкалар