Бишкекте демографиялык маалыматтарды башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда колдонуу боюнча тренинг башталды

2026-жылдын 16-ноябры,  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондусу (ЮНФПА) менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландаштырууда демографиялык маалыматтарды колдонууга арналган үч күндүк окуу тренингин баштады.

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Алиясов демографиялык көрсөткүчтөр мамлекеттик жана аймактык саясатты калыптандырууда негизги багыттардын бири болууга тийиш экендигин белгиледи.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын калкынын саны болжол менен 7,4 миллион адамды түзөрүн белгиледи. Ошол эле учурда калктын басымдуу бөлүгүн балдар жана жаштар түзөт. Бул адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен катар жаңы жумуш орундарын ачуу, билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын шарттайт.

Ошондой эле узак мөөнөттүү демографиялык тенденцияларга өзгөчө көңүл бурулду. Божомолдорго ылайык, 2050-жылга карата 65 жаштан жогорку курактагы калктын үлүшү 8 пайыздан ашат. Бул калктын акырындык менен улгайышына байланыштуу социалдык жана медициналык инфраструктураны алдын ала даярдоо зарылдыгын көрсөтөт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы ишке ашырылып жатканы, анын биринчи этабы 2026–2030-жылдарды камтый турганы белгиленди. Бул багыттагы иштерди координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Кеңеш түзүлгөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролуна токтолгон министрдин биринчи орун басары төрөлүү, миграция, калктын жаш курактык түзүмү жана саны боюнча маалыматтар иш жүзүндө колдонулушу керектигин белгиледи. Тактап айтканда, бул маалыматтар жергиликтүү бюджеттерди пландаштырууда, мектептерди жана бала бакчаларды курууда, эмгек рыногун өнүктүрүүдө жана калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын аныктоодо эске алынууга тийиш.

Тренингдин негизги тренери катары «Жогорку экономика мектеби» Улуттук изилдөө университетинин Демография институтунун директору Михаил Денисенко катышууда.

Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Александр Аброскин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү катчысы Эркинбек Атабеков катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар