Алмаз Имангазиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, иш менен камсыз кылуу, эмгек миграциясы жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл 2026-жылдын 22-октябрында кол коюлган социалдык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашырууга, ошондой эле балдарды коргоо, үй-бүлөлөрдү колдоо, социалдык кызматтарды өнүктүрүү жана социалдык чөйрөнү санариптештирүү багыттарында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Мындан тышкары, жарандарды мыйзамдуу жумушка орноштуруу, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин жөнгө салуу жана жумушчуларды уюшкан түрдө тандоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пайдалуу
Ссылкалар