Эмгек министри Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алып, онлайн форматта да кайрылууларды укту

 

2026-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев жарандарды жеке кабыл алды. Жалпысынан 10 жарандын кайрылуусу каралды.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү майыптыгы бар адамдарга жеке ассистент дайындоо, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, материалдык жардам алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар үчүн квоталарды белгилөө маселелерине байланыштуу болду.

Бишкек шаарына жеке келип кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн онлайн форматта кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Алсак, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну видеоконференцбайланыш аркылуу кабыл алууга катышты. Анын кайрылуусу көрүүсү начар жолдошуна жеке ассистент дайындоо маселесине байланыштуу болду.

Министр ар бир жарандын кайрылуусун кунт коюп угуп, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди. Ошондой эле министрликтин жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө кайрылууларды өз компетенциясынын чегинде карап чыгып, зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, эмгек министринин жарандарды жеке кабыл алуусу ар жума күнү саат 09:00дөн 11:00гө чейин өткөрүлөт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар