Бишкекте жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт

2026-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети менен биргеликте уюштурууда.

Жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышып, катышуучуларга экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча 4 000ден ашык бош жумуш ордун сунушташат.

Жарманкенин негизги максаты — жаштарды, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш адистерди ишке орноштурууга көмөктөшүү, ошондой эле иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө, маектешүүдөн өтүүгө жана жумуш сунуштарын алууга мүмкүнчүлүк берүү.

Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөлөр, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат. Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтарынын адистери келген жарандарга жумушка орношуу, кесиптик окутуу, «Жаштардын стажировкасы» программасы жана иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоонун башка чаралары боюнча консультация беришет.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн иш-чараны чагылдырууга чакырабыз.

📅 Күнү: 2026-жылдын 26-ноябры
🕙 Убактысы: саат 10:00
📍 Өткөрүлүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети.

Пайдалуу
Ссылкалар