Манас шаарында «Зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» эл аралык өнөктүгүнө старт берилди

2026-жылдын 25-ноябрында Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» эл аралык кампаниясынын башталышына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — коомчулуктун көңүлүн үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук көйгөйүнө буруу, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун зарылдыгы тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен коомчулуктун биргелешкен аракеттерин күчөтүү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Эркинович Маматканов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Мавлюда Калмаматовна Калбердиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары
Аида Исатбек кызы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Медербек Исакович Усаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу, аялдарга жана кыздарга карата санариптик зомбулук, интернеттеги коркутуулар жана санариптик чөйрөдөгү укукка каршы аракеттер үчүн жоопкерчилик маселелери талкууланды.

Ошондой эле «Зомбулукка каршыбыз!» аталышындагы тематикалык флешмоб жана Барпы атындагы театрга чейин жөө жүрүш уюштурулуп, анын соңунда зомбулук көйгөйүнө жана анын кесепеттерине коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган «Кыйылган өмүр» аттуу социалдык спектакль көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, министрдин орун басары Аида Исатбек кызы Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана андан сактоо жана коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө мыйзамдык базаны өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, зомбулуктун алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле жабыр тарткан адамдарга психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

                         

 

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар