Эмгек министрлигинде гендердик теңчиликти илгерилетүүгө багытталган CHANGE эл аралык программасы тааныштырылды
2026-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Гендердик теңчиликке жетишүү үчүн чектөөчү социалдык ченемдерди жана стереотиптерди өзгөртүү» (CHANGE) программасынын расмий тааныштыруу иш-чарасы болуп өттү.
Программа 2026–2028-жылдары Европа Биримдигинин каржылык колдоосу жана Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктеринин катышуусу менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында ишке ашырылат.
Аталган иш-чара эл аралык «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М. Байгончоков гендердик теңчиликти илгерилетүүдө, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууда, ошондой эле алардын укуктарын коргоодо мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле Европа Биримдигине жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрүнө гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо багытындагы туруктуу колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирилди.
CHANGE программасы коомдогу гендердик стереотиптерди жана чектөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүүгө, теңчилик жана өз ара урматтоо маданиятын калыптандырууга, ошондой эле зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга багытталган.






















