Эмгек министрлиги акысыз жумуш орундар порталын ишке киргизди: иш берүүчүлөр жумуш орундары тууралуу маалыматты жайгаштырууга милдеттүү
2026-жылдын 26-ноябрында Кыргызстандын Эл аралык университетинин имаратында иш берүүчүлөрдүн жана жумуш издеген жарандардын катышуусунда бош жумуш орундарынын жарманкеси болуп өттү.
Жарманкенин алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун бирдиктүү санариптик экосистемасын түзүүгө, жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана иш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандардын түздөн-түз байланышын камсыз кылууга багытталган jumush.gov.kg мамлекеттик веб-порталы тааныштырылды.
Портал Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 16-беренесине ылайык, иш берүүчүлөр иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына жаңы түзүлгөн же бошогон ар бир жумуш орду (вакансия) тууралуу маалыматты, анын ичинде эмгек шарттарын жана эмгек акынын өлчөмүн белгиленген тартипте жайгаштырууга милдеттүү.
jumush.gov.kg порталы иш берүүчүлөргө бош жумуш орундарын өз алдынча жайгаштырууга, ылайыктуу адистерди издөөгө жана потенциалдуу талапкерлер менен түздөн-түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми жумуш издеген жарандар республика боюнча актуалдуу вакансиялар менен таанышып, порталга өз резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөргө түздөн-түз кайрыла алышат.
Презентациянын жүрүшүндө порталдын иштөө мүмкүнчүлүктөрү жана аны иш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандардын колдонуу тартиби көрсөтүлүп, негизги функциялары жана жеткиликтүү кызматтары тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
Порталдын иш берүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн бардык кызматтары акысыз көрсөтүлөт.
Бош жумуш орундарынын жарманкесинин алкагында порталдын тааныштырылышы калктын жана иш берүүчүлөрдүн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүчү санариптик инструменттер тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.





















