Кыргызстанда балдардын муктаждыктарына багытталган бюджеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды

 

2026-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы, Финансы министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте балдардын муктаждыктарына багытталган бюджеттик чыгымдарды маркалоо системасын киргизүүгө арналган тегерек стол өткөрдү.

Жаңы система мамлекеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана алардын натыйжалуулугун баалоого багытталган. Алгачкы этапта өзгөчө көңүл майыптыгы бар балдарды колдоого байланышкан чыгымдарга бурулат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исaтбек кызы катышып, майыптыгы бар балдарды жана аларга кам көргөн үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун учурдагы чаралары тууралуу маалымат берди.

Атап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды берүү, реабилитациялык жана социалдык кызматтарды өнүктүрүү, реабилитациялоонун техникалык каражаттары менен камсыздоо, ошондой эле жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маселелер каралды.

Майыптыгы бар балдарды колдоо жана алардын толук кандуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик социалдык саясаттын маанилүү багыттарынын бири экени белгиленди. Ушуга байланыштуу тиешелүү чараларды каржылоону этап-этабы менен көбөйтүү каралган. Алсак, 2026-жылы республикалык бюджеттен социалдык жөлөкпулдарга 8,9 млрд сом, жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө 1,9 млрд сом бөлүнгөн.

Тегерек столдун катышуучулары маркалоо системасын киргизүүнүн кийинки кадамдарын, мекемелер аралык өз ара кызматташууну жана балдардын муктаждыктарын эске алуу менен бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Аталган системаны киргизүү мамлекеттик чыгымдардын даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле ар бир баланын укуктарын жана бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган каражаттардын пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Пайдалуу
Ссылкалар