Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча ЖККУнун Координациялык кеңешинин жыйынына катышты

 

2026-жылдын 26-ноябрында видеоконференция форматында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 29-жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү жана ЖККУнун Катчылыгы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердеги миграциялык кырдаал, «Нелегал» аймактык операциясынын жыйынтыктары, жасалма документтерди аныктоо, миграциялык мыйзамдарды өркүндөтүү жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу маселелери каралды.

Миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөн көзөмөлдөнгөн тартипте чыгып кетүүсүн уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап чет өлкөлүк жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана чет өлкөлөрдө мыйзамсыз ишке орношуунун алдын алууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйбасы менен да бөлүштү.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүнүн жамааттык системасын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планынын долбоорунун жаңыланган редакциясын жактырышты жана мындан аркы кызматташуунун багыттарын аныкташты.

Пайдалуу
Ссылкалар