«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн ай сайын компенсация алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн ай сайын акчалай компенсация берүү механизмин иштеп чыкты. Ал механизм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-ноябрындагы № 788 токтому бекитилди.
Бул механизм16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөрдү мамлекеттик социалдык колдоону күчөтүү максатында электр энергиясынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Бекитилген механизмге ылайык, компенсациянын өлчөмү калк үчүн электр энергиясына болгон колдонуудагы тариф (айына 700 кВт·саатка чейин керектегенде) менен белгиленген керектөө көлөмүнүн чегинде 1 кВт·саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндөгү жеңилдетилген тарифтин ортосундагы айырма катары аныкталат:
- жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) — айына 400 кВт·саатка чейин;
- кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) — айына 700 кВт·саатка чейин.
2026-жылдын 1-октябрына карата «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган 38695 үй-бүлөнүн ичинен 36833 үй-бүлө электр энергиясына болгон колдонуудагы жеңилдиктен пайдаланат. Ошол эле учурда жөлөкпул алуучулардын болжол менен 5%ы негизинен жеке турак жайынын же жашаган жери боюнча туруктуу каттоосунун жоктугунан улам жеңилдик берүү тутумунан тышкары калууда.
Жаңы тартиптин маанилүү артыкчылыгы — компенсацияны чектөө жана төлөө Министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан санариптик технологиялык тутум аркылуу «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун чектөө жана төлөө менен бир убакта жүргүзүлөт. Ошентип, жарандарга компенсацияны тариздөө үчүн өзүнчө жол-жободон өтүүнүн кажети жок.
Кабыл алынган чечим мамлекеттик колдоону даректүү жана жеткиликтүү кылууга, административдик тоскоолдуктарды кыскартууга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына акы төлөөдө кошумча каржылык колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.




















