«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын август айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8-августунан 15-августуна чейин 2866 телефондон кайрылүү, же бир суткада 409 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 26 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 5 же 19,3 % жаш балдардан, ал эми 21 же 80,7 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 13 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 1 психологиялык консультация берилген.

26 чалуунун  ичинен эркектерден – 6 (23%), аялдардан – 15 (57,7%), балдардан – 5, анын ичинен  кыздардан – 2 (40 %), эркек балдардан – 3 ( 60 % ).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– үй-бүлөлүк мамиле жана чыр-чатактар – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле зордук-зомбулук тууралу – 5;

– социалдык жардам сурап – 4 абонент чалган;

– балдарга карата кайдыгер мамиле -4;

– ар-кандай жардам сурап – 3;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– психологиялык консультация – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 1.

2840 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  14;

– Чуй облусу – 6;

– Жалал – Абад облусунан –  3;

– Ош облусунан – 1;

– Ыссык – Көл облусунан – 1;

– Баткен облусу – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар