Министр Улукбек Кочкоров Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров менен Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран гендердик теӊдиктин алкагында мындан ары өз ара кызматташууну улантуу маселелерин талкулашты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бул багытта атайын иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.Мисал катарында зомбулукка дуушар болгон аялдарга колдоо көрсөткөн кризистик борборлор мамлекеттик социалдык заказдын алкагында иш алып барып жаткандыгын айтты. Анын айтымында, ушул жылы психо-социалдык, укуктук жардам көрсөткөн жана зомбулукка кабылган эркектерге жана аялдарга социалдык кызмат көрсөткөн 2 кризистик борбор ачылары пландалууда. Муну менен катар, үй-бүлө институтун бекемдөө жана сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери тарабынан жергиликтүү калкка үй-бүлөнү пландоо боюнча түшүндүрүү-маалымат берүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

Ал ошондой эле Бишкек шаарында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аялдарынын экинчи Форуму жана “Аялдар ишмердиги” улуттук конференциясы тууралуу маалымат берип, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аялдардын ролун жогорулатууга жана колдоого багытталган иш аракеттери баса белгиленгендигин айтты.

Министр теӊ укутуулук боюнча жана ар кандай жыныстагы адамдарга саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана жашоо ишмердүүлүгүнүн башка чөйрөсүндө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча активдүү иш аракеттер уланарын баса белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар