КРнын ЭСӨМнин статс-катчысы Каныбек Адиев Эмгек рыногунун маалыматтык системасы тууралуу толук маалымат берүү үчүн пресс-конференция өткөрдү

5-сентябрда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев калкка көрсөтүлүп келген социалдык кызматтарды жеңилдетүү максатында санариптештирүүгө багытталган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.
Статс-катчы Каныбек Адиевдин сүйлөгөн сөзү:
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ишке ашыруу боюнча максатка ылайык иштер аткарылууда.
Бүгүнкү күндө бул багытта бир катар жетишкендиктер бар, алардын негизгилерине токтоло кетсем.
Биринчиден, калкты иш менен камсыз кылуу тармагын санариптештирүү боюнча бир катар иштер аткарылууда.
Откөн жылга чейин биздин жергиликтүү ишке көмөктөшүү кызматтарыбыз жумушсуздар боюнча маалыматты картотека аркылуу жүргүзүп келген.
Электрондук маалыматтар базасы жок болчу. Биз бул жумушсуздардын маалымат базасын толугу менен санариптештирип, республика боюнча эмгек рыногунун автоматташтырылган маалымат системасын (ЭРМС – ИСРТ) иштеп чыктык. Азыркы учурда бул база республика боюнча ишке киргизилип жатат.
Эмгек рыногунун маалыматтык системасы – бул эмгек рыногундагы азыркы тенденциялар, талап кылынган кесиптер жана болгон бош орундар тууралуу жумушсуздарды жана иш берүүчүлөрдү маалымат менен камсыздай турган ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү атайын ачык система.
Иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан бүткүл өлкө боюнча чогултулган маалымат, бирдиктүү маалымат базасында сакталып, интернет-порталы аркылуу иш издеген жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Бул, иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана жумуш издегендердин ортосундагы байланышты түзүүгө жардам берет.
Азыркы учурда бул базага 103 323 жумушсуз жарандын картасы киргизилди, жана алардын ар бири менен отчет чыгарыш үчүн, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү кызматтары боюнча операциялар иштелип чыкты.
Мындан тышкары, Министрлик тарабынан республика боюнча бош орундар, ишке орноштурууга көмөктөшүү тармагындагы мамлекеттик кызматтар, иш-чаралар жана жаңылыктарды камтылган атайын “Жумуштуулук” (www.zanyatost.kg) деген интерактивдүү веб-портал иштелип чыгып, бүгүнкү күндө тесттик түрдө ишке киргизилди.
Ошондой эле, Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүү башкармалыгында Колл-центр түзүлүп, ал бүт республиканы маалымат системасын көзөмөлдөйт.
Ошондой эле, бүгүн биз электрондук биржаны иштеп чыгуу боюнча иштерди алып баруудабыз. Келечекте автоматташтырылган маалымат системасынан жумуш издеген жарандар, иш берүүчүлөр тиешелүү маалыматты оперативдүү түрдө, онлайн режимде ала алышат.
Экинчиден, калкка көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Министрликтин ишмердигинин эң жогорку денгээлдеги ачыктыгын камсыз кылуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында күчөтүлгөн тартипте санариптештирүү жүрүп жатат.
Министрлик көрсөткөн кызмат алуучулар боюнча бардык маалыматтар камтылган (социалдык төлөмдү алуучулар, социалдык тейлөөдөгүлөр ж.б.) социалдык жардамдын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат базасы (КИССП) иштеп жатат.
Бул электрондук базада Министрликтин системасындагы бардык түзүмдөр камтылган. Автоматташтыруу механикалык катачылыктарды жокко чыгарууга, коррупциялык коркунучтарды болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүлүп, бул багытта иштер кучөтүлгөн тартипте аткарылууда.
Мисалы, Министрлик социалдык төлөмдөрү дайындоого керек болгон маалыматтарды (справка) электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында алуудабыз. Бүгүн биз «Түндүк» системасы аркылуу 8 справканы ала баштадык. Муну менен биз жарандардын ар кандай ведомстволорго барып тиешелүү документтерди чогултуудан арылтык десем болот.
Ошону менен катар биз автоматташтырылган маалымат базаны (КИССП) жакшыртуунун үстүндө дагы иштеп жатабыз.
Айта кетсем, үстүбүздөгү жылы биздин маалымат базага жаны эки (2) модулду киргиздик, бул “электрондук арыздын анкетасы” (электронная анкета заявления) жана “ведомстволор аралык маалымат алмашуу” (межведомственный обмен данными) модулдары.
Бул багытта иштер дагы да улантылууда. Келечекте биздин жарандар бир жерге өзүнүн арызын берет, ошонун негизинде ага комплекстүү жардам көрсөтүлөт. Ал эми тиешелүү маалыматтарды биз «Түндүк» системасы аркылуу гана алабыз.
Азыркы күндө бул багытта жетишкендикти айта кетсем. Мына өзүнүздөргө белгилүү болгондой эле, биз үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып “балага сүйүнчү” жөлөкпулун берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмин ишке киргиздик. “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун “бирдиктүү терезе” принциби боюнча төлөнө баштады. Эми бул жөлөкпулга кайрылган жана акча каражаттарды алуучулардын счетуна которуу убактысы эки жумуш күндө жүргүзүлүп жатат.
Учүнчүдөн, Министрлик тарабынан социалдык кызматтардын санариптик системасын түзүү боюнча иштер аткарылууда.
Азыркы учурда Министрликтин веб-сайтында интернат тибиндеги балдар мекемелеринин автоматташтырылган маалымат-талдоо системасы иштеп жатат (http://children.mlsp.gov.kg). Бул базада интернат тибиндеги балдар мекемелерине балдардын катталышы, жайгаштырылышы каттоо жүргүзүлө баштады. Бул системаны иштетүүнүн тартиби устубуздөгу жылдын 18-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.
Мындан тышкары, турмуштук оор кырдаалда турган балдардын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасын түзүү боюнча иштеп жатабыз. Бул багытта автоматташтырала турган жумушчу процесстерге талдоо жүргүзүлүп, маалымат базасынын түзүмү иштелип чыгып пилоттоштуруу жүрүп жатат.
Ошондой эле, Министрлик тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер аткарылууда.
Айта кетсем, азыркы учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар санатордук-курорттук дарыланууга жолдомону, кресло-коляскаларды алуу үчүн биздин аймактык башкармалыктарга барып кезекке туруп, күтүп, андан кийин алып келүүдө. Бул болсо биздин кызмат алуучуларга тоскоолдуктарды жаратып келет.
Бүгүнкү күндө биз бул кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ар кандай коррупциялык тобокелчиктерди жокко чыгаруу максатында атайын электрондук кезектерди киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.
Урматтуу журналисттер, Министрлик тарабынан өлкөнүн санариптик онүгүүсү үчүн аткарылып жаткан иштер жөнөкөй адамдарга кызматтын жеткиликтүүлүгүнө, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга, жана системанын ачык айкындыгына жакшы өбөлгө болот деп ишенебиз.

Пайдалуу
Ссылкалар