Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында (ТӨМ) “Жемиштүү социалдык контракт/ акчалай каражатты кошуу” аталышындагы пилоттук долбоору талкууланды

Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында (ТӨМ) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму ФAO, кызыкдар мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен биргеликте  “Жемиштүү социалдык контракт/ акчалай каражатты кошуу” («Продуктивный социальный контракт/денежные средства плюс») аталышындагы пилоттук долбоорду талкуулашты.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн пилоттук долбоор,  “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучуларды жакырчылыктан чыгарууга багытталган.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар менен социалдык келишимдер системасын түзүү 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында так көрсөтүлгөнүн Министрлик белгилейт.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, социалдык келишимдин алкагында социалдык колдоого чыныгы муктаж болгон жарандарга колдоо көрсөтүүнүн активдүү моделине өтүү, ошондой эле калк арасында көз карандылык маанай көйгөйүн чечүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалдан чыгууга түрткү берүү жана тамак-аштын сапатын жакшыртуу пландалып жатканын белгилеп өттү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар