Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында, 24-октябрь күнү, Министрликтин кызматкерлери ыктыярчылар менен бирге Ак-Жар конушун үймөй-үй кыдырып чыгышты

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында, 24-октябрь күнү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери ыктыярчылар (волонтерлор) менен бирге Ак-Жар конушун үймөй-үй кыдырып чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер жана ыктыярчылар турмуштук оор кырдаалда турган балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү акысыз негизде жүргүзүлөрүн жана акция ушул жылдын аягына чейин уланарын түшүндүрүштү.

Министрдин орун басары Ализа Солтонбекова, дагы 7 конушта үймө үй кыдыруу иши пландалганын маалымдады.

Видеого шилтеме:

Пайдалуу
Ссылкалар