«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын 10 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 10 айында 117621 телефондон кайрылуу, же орточо бир суткада 386 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 1523 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (208 же 13,7% жаш балдардан, ал эми 1315 же 86,3% чоң адамдардан түшкөн), 934 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 121 абонентке психологиялык консультация берилди, 468 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1523 чалуунун  ичинен эркектерден – 386 (25,3%), аялдардан – 1137 (74,7%), балдардан – 208, анын ичинен эркек балдардан – 66 (31,7%), кыздардан – 142 (68,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй болду:

– социалдык жардам сурап – 500;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 185;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 153;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар жөнүндө – 145;

– психологиялык жабырлануудан – 111;

– билим берүү системасы боюнча – 94;

аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 80;

балдарга карата кайдыгер мамиле – 58;

баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдардын ата – энелер, мугалимдер менен болгон өз ара  мамилелери – 50;

– борбордун иши тууралуу маалымат алуу үчүн – 48;

– башка суроолор менен – 33;

мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 32;

– медициналык камсыздандыруу – 28;

мектептеги рэкет – 5;

– соцтармактарда интернет оюндардын таркалуусу боюнча – 1 абонент чалган.

116098 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Түшкөн 1523 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан   –565 же 37,1 %;

– Чуй облусу –300 же 19,7%;

– Жалал – Абад облусу –  193 же 12,7%;

– Ош облусу – 168 же 11,0 %;

– Ысык – Көл облусу – 119 же 7,8%;

– Нарын облусу –64 же 4,2 %;

– Баткен облусу – 62 же 4,1 %;

– Талас облусу – 51 же 3,3 %;

– аноним – 1 же 0,1%.

Кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынган учурда, Борбор кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан маалымат, жооп алып турат.

468 кайрылуунун ичинен 387 же 82,7% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  47 же 10,1% – ички иштер органдарына, 17 же 3,6% – билим берүү органдарына, 8 же 1,7% -саламаттыкты сактоо органдарына, 9 – же 1,9%  башка мекеме, уюмдарга жөнөтүлдү.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 7 абонентке арызы менен ИИБ жана сотко кайрылуусу сунушталган, алардын ичинен 2 факты анык болуп, 34 факты аныкталган эмес. Ошондуктан бардык үй-бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 14 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, мында 7 үй-бүлө каттоого алынган жана алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 2 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, интернат тибиндеги балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылган.

11 – жашы жете элек балдар убактылуу интернат тибиндеги балдар мекемелерине жайгаштырылган;

– 3 бала үй – бүлөдөн алынып, туугандарынын камкордугуна убактылуу берилди;

– 50 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан изилденип чыгып, каттого алынды;

– 21 үй-бүлө менен райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери  тарабынан балдарды тарбиялоо жана багуу тууралуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү;

– 30 абонентке тийиштүү маммлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди;

– 1 балага туулган тууралуу күбөлүк алууга жардам көрсөтүлдү;

– балдарга карата болгон ырайымсыз мамиле тууралуу 1 факты боюнча шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектептин мугалимдери менен сүйлөшүү жүргүзүлдү;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн боюнча РИИБ  1 факт боюнча аял арыз жазды;

– 1 үй – бүлөгө жеригиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү;

– 5 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди;

– 1 бала мектепке жайгаштырылды.

Пайдалуу
Ссылкалар