Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги балдар үчүн 111 ишенимдүү байланыш телефонун маалымдоо үчүн флешмоб өткөрөт

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги балдардын укугун коргоо боюнча БУУ Конвенциясынын 30 жылдыгына карата 111 ишенимдүү байланышын маалымдоо боюнча флешмоб өткөрөт.

Аталган иш-чара 2019-жылдын 16-ноябрында саат 13:00 дөн 14:00 чейин Дордой плаза 2 соода борборунун аянтчасында өтөт.

Максаты: Балдардын укуктук маданиятын өнүктүрүү. Адеп-ахлактык сапаттарын өстүрүү менен бирдикте балдардын коомдун бир мүчөсү катары өзүнүн укугун жана милдеттерин эске салуу. Балдардын укугу бузулган учурда 111 ишеним телефондоруна байланышуу керектигин жеткирүү.

Пайдалуу
Ссылкалар