«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун ноябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын  8 – 14 – ноябрына чейин 3167 телефондон кайрылуу  (же бир суткада 452 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 43 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 8 же 18,6 % жаш балдардан, ал эми 35 же 81,3 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 21 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 психологиялык консультация берилген, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

43 чалуунун  ичинен эркектерден – 9 (21,0 %), аялдардан – 26 (60,4 %), балдардан – 8, анын ичинен  эркек балдардан – 2 (25,0 %), кыздардан – 6 (75,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 8 абонент чалган;

– психологиялык консультация алуу – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралу–  6;

– финансылык, юридилык жана башка жардам сурап – 6;

– балдарга карата кайдыгер мамиле – 5;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелер жөнүндө–  4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– үй – бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу–3 ;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат алуу- 2.

3124 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 21 жэ 48,8 %;

– Чуй облусунан – 7 жэ 16,3 %;

– Жалал-Абад облусунан – 5 жэ 11,6 %;

– Ош облусунан – 4 жэ 9,3 %;

– Баткен облусунан – 3 жэ 7,0 %.

– Ыссык – Көл облусунан – 2 жэ 4,6 %;

– Нарын облусунан – 1 жэ 2,3 %.

Пайдалуу
Ссылкалар