Коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу максатында 2020-жылы Министрлик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды электрондук түрдө кезекке тургузуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт
Коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу максатында 2020-жылы Министрлик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды электрондук түрдө кезекке тургузуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Кабар” маалымат агенттигинде пресс-конференцияда айтты.
Аталган иш-чара Кыргызстанды санариптештирүү алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кызматтарды алуу жеңилдетүү максатында ишке ашырылгандыгын министр баса белгиледи.
“Келерки жылы майыптыгы бар адамдар дарыланууга санатордук-курорттук жолдомолорду, майыптык арабаларды өз убагында алуу үчүн атайын электрондук кезек түзүлөт. Бул ачык-айкындуулукту, ошондой эле коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга өбөлгө түзөт”, – дейт министра Улукбек Кочкоров.