2020-жылдын 23-январында министрдин орун басары А. Солтонбекова ПРООНдун эксперттери менен жолугушту

2020-жылдын 23-январында министрдин орун басары А.Солтонбекова БУУнун Өнүктүрүү программасынын эксперттери менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда социалдык блок боюнча Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча ыктыярдуу улуттук серептин долбоорун (Улуттук сереп) даярдоо маселелери талкууланды.

Атап айтканда ПРООНдун эксперттери Улуттук серептин түзүмүн позитивдүү баалап, анда туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары менен милдеттеринин өз ара байланышы көрүнүп тураганын белгилешти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган аракеттери жана ТӨМгө жетүүнүн жүрүшүндө кездешкен кыйынчылыктар жөнүндө маалыматтарды, ТӨМдү улуттук стратегияларга жана программаларга интеграциялоо, институттук түзүмдү түзүү ж.б. маселелерин чагылдыруу боюнча сунуштар берилген. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары жарандык коомдун өкүлдөрү менен Улуттук серептин долбоорун талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жоолугушунун жыйынтыгында А.Солтонбекова Улуттук серептин долбоорун даярдоодо бекитилген жумуш жана медиа-пландарга ылайык жүрүп жаткандыгын белгилеп кетти. Жумуш бүткөндөн кийин Улуттук серептин долбоору жарандык сектор менен талкууга чыгарылат.

Пайдалуу
Ссылкалар