«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын эки айынын (январь жана февраль) иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын эки айында 22303  телефондон кайрылуу (же бир суткада 371 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 344 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, анын ичинен 40 же  (11,6 %) жаш балдардан, ал эми 304 же (88,4 %) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 241 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 22 абонентке психологиялык консультация берилди, 81 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

344 чалуунун  ичинен эркектерден – 100 (29,1 %), аялдардан – 244 (70,9 %), алардын ичинен балдардан – 40: анын ичинен эркек балдардан – 14 (35,0%), кыздардан – 26 (65,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 102 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 48;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 33;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 25;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 24;

– билим берүү системасы боюнча – 22;

– психологиялык жабырлануудан – 21;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 18;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 13;

– медициналык камсыздоо боюнча – 12;

– ар кандай суроолор менен – 10;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 7;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 7;

– суицид боюнча – 1;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1.

21959 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  136 же  (39,5 %);

– Чуй облусунан – 52 же (15,1 %);

– Джалал-Абад облусунан – 51 же (14,8 %);

– Ош облусунан – 39 же  (11,3 %);

– Ысык – Көл облусунан – 33 же  (9,6 %);

– Баткен облусунан – 15 же  (4,4 %);

– Нарын обласынан – 15 же (4,4 %);

– Талас обласынан – 3 же (1,0 %).

Пайдалуу
Ссылкалар