«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын март айындагы төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 22 мартынан 1 – апрелине  чейин 3731 телефондон кайрылуу (же бир суткада 373 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 456 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 14 же  (3,1%) жаш балдардан, ал эми 442 же (96,9%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 443 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

456 чалуунун  ичинен эркектерден – 93 (20,4%), аялдардан – 349 (76,5%), балдардан– 14: анын ичинен эркек балдардан – 3 (21,4%), кыздардан- 11 (78,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 361;

– ар кандай суроолор менен – 32;

– социалдык жардам сурап – 22;

– медициналык камсыздоо боюнча – 13;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– психологиялык жабырлануудан – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын,   окуучу менен мугалимдин мамилелери тууралуу – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 5;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 4.

3275 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  257 же  (56,4%);

– Чуй облусунан – 103  же (22,6%);

– Ош облусунан – 48 же (10,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 28 же (6,1%);

– Нарын обусунан – 7 же (1,5%);

– Баткен облусунан – 5 же  (1,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 же (0,9%);

– Талас облусунан – 4 же (0,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар